
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда “Борбордук Азия – Кытай” форматындагы өлкөлөрдүн курулуш министрлерин кабыл алды.
Мамлекет башчысы делегациялар менен саламдашып, акыркы жылдары практикалык мазмун, жаңы демилгелер жана кызматташтыктын багыттары менен толукталган “Борбордук Азия – Кытай” форматынын саясий мааниси жана актуалдуулугу өсүп жатканын белгиледи. Ал өлкөлөр ортосундагы мамилелерди чыңдоодо Борбордук Азия мамлекеттери менен Кытайдын ортосундагы түбөлүк коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюу өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, бул документ узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу алакаларды өнүктүрүү үчүн бекем негиз түзгөнүн айтты.
Садыр Жапаров Сиань жана Астана шаарларында форматтын эки саммитинин ийгиликтүү өткөрүлүшү, “Борбордук Азия – Кытай” форматынын Катчылыгынын натыйжалуу иштеши, ошондой эле келерки жылы Кытайда үчүнчү саммиттин өтүшү бул механизмдин ролу өсүп жатканын жана мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүү зарылдыгын айгинелеп турарын баса белгиледи.
Мамлекет башчысы белгилегендей, мындай иш-чараларды, атап айтканда, “Борбордук Азия – Кытай” форматындагы курулуш министрлеринин жолугушуусун өткөрүү Борбордук Азия мамлекеттери менен Кытайдын көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана курулуш тармагындагы актуалдуу милдеттерди чечүү боюнча натыйжалуу чечимдерди макулдашылган түрдө иштеп чыгууга умтулуп жатканын көрсөтүп турат.
Президент Кыргызстан туруктуу өнүгүү багытын ырааттуу ишке ашырып, ишенимдүү экономикалык өсүштү көрсөтүп жаткандыгына көңүл бурду. Учурда өлкө боюнча жеткиликтүү турак жай куруу каралган “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасы жигердүү ишке ашырылууда. Программа турак жай инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ипотекалык насыялоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Мамлекет башчысы Кыргызстан бул форматтын алкагында тиешелүү министрликтердин ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи. Садыр Жапаров ошондой эле жетишилген макулдашуулар жана жаңы демилгелер Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын практикалык кызматташтыгына кошумча дем берерине ишенимин артып, кыргыз тарап масштабдуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин айтты.
Өз кезегинде “Борбордук Азия – Кытай” форматынын Катчылыгынын башкы катчысы Сунь Вэйдун “Борбордук Азия – Кытай” форматындагы курулуш министрлеринин экинчи жолугушуусун жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн Катчылыктын атынан кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.
Ал курулуш министрлеринин кеңешмеси бул форматтын алкагындагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн 14 механизминин бири экенин жана курулуш тармагында гана эмес, экономикалык, соода жана гуманитардык чөйрөлөрдө да кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Сунь Вэйдун курулуш тармагындагы өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы өнүгүшү катышуучу мамлекеттерде эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлүшүнө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.
Башкы катчы ошондой эле министрлердин болуп өткөн жолугушуусунун жыйынтыктары мамлекеттердин лидерлери жетишкен макулдашууларды жана саммиттердин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруудагы маанилүү кадам экенин баса белгиледи. Жетишилген натыйжалар келерки жылы Кытайда өтө турган “Борбордук Азия – Кытай” үчүнчү саммитинин алдында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө салым кошот.






