450 килограммдан ашык баңгизаттар жок кылынды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы ведомстволор аралык комиссиясы менен биргеликте, ИИМдин ички иштер органдары тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун партиясын жок кылуу боюнча иш-чара өткөрдү.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жана кылмыштарды иликтөөнүн жүрүшүндө, 2022-жылдан тартып ушул күнгө чейин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери соттук өндүрүш аяктаган иштер боюнча 450 килограммдан ашык баңгизаттарын жок кылышкан (өрттөлгөн).

Өрттөө учурунда, 450 килограммдан ашык баңгизат күйүп, алар 500 градус температурада өрттөлүп, жок болду.

Баңгизаттарды өрттөө укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана ыйгарым укуктуу эксперттер тарабынан көзөмөлдөнгөн.

Ошентип, жок кылуу актысына ылайык, ведомстволор аралык комиссия 30 кг ашык героин, 328 кг кара куурай тобундагы баңгизат, 2 кг ашык апийим жана 90 кг ашык психотроптук заттар жок кылынды.