Акылбек Жапаров Бишкекте автобустарды оңдоочу борборду ачты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы автобустарды оңдоо жана техникалык тейлөө борборунун салтанаттуу ачылышына, ошондой эле “Zhongtong”компьютердик томографиялык медициналык унаасын тапшыруу аземине катышты.

Иш-чараларга Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынын партиялык комитетинин катчысы Линь У, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана “Zhongtong bus” компаниясынын жетекчилиги катышты.

Тейлөө борбору борбор калаанын бардык автопарктарын тейлей турганы, ал эми тетиктерин оңдоо жана алмаштыруу иштери кыска мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөрү, бул линиядагы автобустардын жетишсиздик көйгөйүн чечүүнү тездете турганы белгиленди.

МинКаб Төрагасы кытай автобустарын колдонуунун буга чейинки кейиштүү тажрыйбасын эске алуу менен тейлөө борборунун иштеши өтө зарыл болгонун белгиледи.

Акылбек Жапаров ошондой эле кытайлык мектеп автобустарын сынап көрүүгө кызыкдар экенин билдирип, Министрлер Кабинети борбордо ушундай автобустарды чыгарууну пландап жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, Мамлекет башчынын Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын алкагында өлкөгө Кытайдан чыккан 1000 автобус келиши керек.

Учурда борбор калаага 250 автобус келди, алар борбор калаанын көчөлөрүндө иштеп жатат, дагы 250 автобус 2023-жылдын аягына чейин келет, калган 500 автобус Кыргызстанга 2024-жылы алынып келет.