Мурат Раматов айыл чарба министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Мурат Раматов 2022-жылдын июнь айынан 2022-жылдын сентябрына чейин «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» Аймактарды өнүктүрүү жана каржылоо башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенген. 2022-жылдын 19-декабрынан бери айыл чарба министринин орун басары кызматын аркалаган.