ВИДЕО: Владимир Путин Пригожиндин өлүмү боюнча үн катты

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Пригожиндин өлүмү боюнча үн катты. 

“Каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Алар Украинадага неонацистик режим менен күрөшүүдө олуттуу салым кошушту. Биз аларды билебиз, эсибизде жана эч качан унутпайбыз!

Мен Пригожинди 90-жылдардан тарта тааныйм. Анын каталары бар болчу, бирок өзү үчүн да, мамлекет үчүн да керектүү жыйынтыктарды жасай алчу. Ал таланттуу ишкер болчу. Баалуу металлдар менен иштечү. Ал кечээ жакында эле Африкадан келген”, – деп билдирди орус лидери Владимир Путин.

Эскерте кетсек, кечээ, 23-августта бортунда он адам бар жеке менчик Embraer Legacy учагы Тверь облусунда кулап түшкөн. Мерт кеткен адамдардын арасында Пригожиндин сөөгү да бар экени аныкталган.