Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин эки жаңы орун басары дайындалды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин эки жаңы орун басары дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Медетбек Маметов министрдин биринчи орун басары, Асел Раимкулова министрдин орун басары кызматына дайындалган.

Тиешелүү чечимдерге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.