Сузак районунда чөп чапкан трактор 13 жаштагы кыздын бутун кесип кетти

Жалал-Абаддын Сузак районунда чөп чапкан трактор 13 жаштагы кыздын бутун кесип кеткен. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-августта саат 19:30 чамасында Сузак районунун Атабеков айыл аймагынын талаасында 13 жаштагы кыз ата-энеси менен жүгөрү кайрып жаткан учурда ошол жерде иштеп жаткан чөп чапкан трактор (косилкасы) кокусунан калып кыздын бутун кызыл ашыгына чейин кесип кеткен.

Окуя боюнча кыздын атасы эч кимге арыз доосу жоктугун бидирип соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.

Сузак районунда чөп чапкан трактор 13 жаштагы кыздын бутун кесип кетти

Бул окуя Сузак РИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына (Кокустук) болуп катталып текшерүү иштери башталган.

Сузак районунда чөп чапкан трактор 13 жаштагы кыздын бутун кесип кетти