Путин Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Түрк тараптын демилгеси менен Владимир Путин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Россия Федерациясынын расмий сайты билдирет.

Россиянын президенти өлкөдөгү куралдуу козголоң аракетине байланыштуу кырдаал тууралуу маалымат берди. Түркиянын президенти Россия жетекчилигинин кадамдарын толук колдоорун билдирди.

Эске салсак, буга Владимир Путин Беларустун лидери Александр Лукашенко, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.