Бишкекте Канаданын жаранын сабап кетишти

Бишкекте Канаданын жараны Гарг Вирендерди сабап кетишти. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя 16-июнда 10-кичирайондо болгон. Жабырлануучунун айтымында, ал жаш балага жардам берүүнү каалаган, бирок ага өспүрүмдүн жанында турган белгисиз адам кол салган. Бул окуяга күбө болгондор бар экенин айтат. 

Вирендер Улуттук госпиталга баш мээнин жана башка жаракаттары менен жаткырылган. Жабырлануучу 1 жарым жылдан бери Кыргызстанда жашап, чет тилден сабак берип келген. Ал бул окуя боюнча милицияга арыз менен кайрылган. 

Белгилей кетсек, мекеме аталган фактыны каттоого алып, териштирүү иштери жүрүп жатканын жана соттук-медициналык экспертиза дайындалганын кошумчалайт.