Беловодск айыл өкмөтүндө жер маселеси боюнча акимиатта иштеген аял сабалды

Бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Винера Раимбачаева Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айыл өкмөтүндө жер маселеси боюнча мыйзам бузуулар болуп жаткандыгын билдирди.

Анын айтымында, 4-5 монополист киши миң гектарлап жер алып, бирок салыктарды толук төлөбөй келишет.

“Жер маселеси боюнча мыйзам бузуулар тууралуу маселе көтөргөн акимиатта иштеген аял кишини уруп коюшуптур. Анын денесинин баары көкала. Буга чара көрүлүшү керек. Эмне үчүн аялды урушат? Ушул мыйзам бузуулар боюнча протоколдук тапшырма берип койсоңуз”, — деди депутат.

sabap Беловодск айыл өкмөтүндө жер маселеси боюнча акимиатта иштеген аял сабалды