Чүйдө түнкүсүн айдоочуларга жарык чагылдыруучу тасмалар илинүүдө

Чүй облусунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарбынан Бишкек – Нарын — Торугарт унаа жолунда түнкүсүн айдоочуларга жарык чагылдыруучу тасмаларды илүүдө. Бул тууралуу аталган бөлүмдөн билдиришти.

Маалымат караганда, Чүй ЖКККБ тарабынан буга чейин жол көзөмөлдөө мекемелерине тиешелүү сунуштамалар берилип келген, тилекке каршы алар аткарылган эмес.

«Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда жол кырсыктарынын бирден бир себеби жол белгилери жана жол сызыктарынын жоктугу. Бул көрүнүшөрдү жоюу жана жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында бүгүнкү күндө Чүй ЖКККБнын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери айдоочуларга кечкисин жарык чагылдыруучу тасмаларды ар бир бурулушка жана жолду бөлүп турган бетондорго чаптап чыгышты», — деп айтылат маалыматта.

fe3347f1 3626 484c 9283 9e89dfccc0c5 Чүйдө түнкүсүн айдоочуларга жарык чагылдыруучу тасмалар илинүүдө