Стамбулдан табылган кыргызстандык кыз мекенине кайтып келди

Кыргызстандык Жазгүл Шамуратова апасы менен 5-июлда мекенине кайтып келгенин Стамбулдагы башкы консулдук билдирди.

Буга чейин Жазгүл Шамуратова Түркияда дайынсыз жоголгону тууралуу кабарланган. Ал Болгарияга кетүү үчүн Кыргызстандан Стамбулга 22-июнда учуп барып, 25-июнда тарта дайынсыз болгон.

ИИМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгы Түркия ИИМдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликтеги аракеттеринин жыйынтыгында 5-июлда Стамбул шаарында 20 жаштагы Жазгүл Шамуратованы табышкан