ИИМ: Стамбулда жоголгон Жазгүл Шамуратова табылып, анын жоголгондугунун себептери такталууда

ИИМден билдиришкендей, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбековдун жана Түркиянын ички иштер министринин орун басары Мехмет Акташтын жана Түркия ИИМдин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү менен биргеликтеги аракеттеринин жыйынтыгында 2023-жылдын 5-июлунда Стамбул шаарында 20 жаштагы Жазгүл Шамуратова табылды.

Азыркы учурда, Стамбул шаарынын Кадыкөй райондук полиция бөлүмүндө Жазгүл Шамуратованын жоголуп кеткендигинин себептери такталууда.