Онбир-Жылга айылында жаш жигит футбол ойноп жатып каза болду

31-августта Чүй облусундагы Онбир-Жылга айылында жаш жигит футбол ойноп жатып каза болду. Бул тууралуу маалыматты облустун саламаттыкты сактоо координатору Бактыгүл Мамытова тастыктады.

Эркек күтүүсүздөн өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген, бирок сактап калууга үлгүрүшкөн эмес.

“Балким, жүрөгү кармап калгандыр. Ооруканага ал каза болуп калганда алып келишкен. Сөөк өлүкканага жөнөтүлгөн. Өлүмдүн себебин так билбейбиз, экспертиза көрсөтөт. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды”, — деди координатор.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында маалымдалгандай, аталган айылда республикалык эгемендүүлүк майрамына карата футбол боюнча мелдештер өткөрүлгөн.