ИИМдин Ички аскерлеринин күнүнө карата күч түзүмдөр арасында футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы кабарлагандай, 24-август Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин күнүнө карата, 2023-жылдын 17-августтунда Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн командалары арасында кичи футбол боюнча мелдеш болуп өттү.


Спорттук иш-чара Кыргыз Республикасынын гимнинин аткарылышы менен башталып, андан соң ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы полковник Дамир Алыбаев “Катышуучуларды турнирдин башталышы менен куттуктап, ден соолук, жемиштүү жеңиш жана ийгилик каалап кетти”.
Мелдештин жүрүшүндө, 12 команда 4 топко бөлүнүп, курч таймаш көрсөтүшүп, биринчилик үчүн мыкты командалар иргелип отурду. Баш байге биринчи орун үчүн ИИМдин Күзөт кызматынын курама командасы жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун командалары беттешип, негизги убакытта 0:0 эсебинде тең чыгышты.
Жеңүүчүнү аныктоо үчүн пенальти дайындалып, күйөрмандар тарабынан өз командалары үчүн чыңалган колдоо көрсөтүлдү.


Пенальтилердин жыйынтыгында ИИМдин Күзөт кызматынын командасы 3:0 эсебинде жеңишке жетти.
Турнирдин жыйынтыгы менен “Мыкты коргоочу” милициянын майору М. Бообеков, “Мыкты чабуулчу” милициянын капитаны Э. Шаршеев жана “Мыкты дарбазачы” милициянын улук прапорщиги Б. Джумалиевдер мыкты оюнчулар деп аныкталды.

dce154cc d8c5 4c49 a083 292ac743a0ed ИИМдин Ички аскерлеринин күнүнө карата күч түзүмдөр арасында футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү


Командалык оюнда биринчиликти ИИМдин Күзөт кызматынын курама командасы багындырса, экинчи орунга ИИМдин Атайын багыттагы полкунун курама командасы жана үчүнчү орунга ИИМдин Борбордук аппаратынын курама командасы ээ болду.
Турнирдин аягында, жеңүүчүлөр кубок, медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Эскертүү, аталган спорттук мелдешке 35 жаш курактан жогору Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн оюнчулары катышты.

470fefee 8325 4104 90a9 a2e69f0149d7 ИИМдин Ички аскерлеринин күнүнө карата күч түзүмдөр арасында футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү