Чүйдө 7 мектеп пайдаланууга берилет

Чүй облусунда жаңы окуу жылына карата 7 мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунда төрт, Аламүдүн, Сокулук жана Жайыл райондорунда бирден билим берүү мекемеси ачылат. Алсак:

– Ысык-Ата районунун Логвиненский айылында 250 орундуу мектеп;
– Ново-Покровка айылында 225 орундуу мектеп;
– Ивановка айылында 150 орундуу мектеп;
– Тогуз-Булак айылда 150 орундуу мектеп;
– Аламүдүн районундагы Пригородное айылында 500 орундуу мектеп;
– Сокулук районуна караштуу Мирный айылында 275 орундуу мектеп;
– Жайыл районунун Сосновка айылында 225 орундуу мектеп.