Баткенде мыйзамсыз массалык лотерея уюштурган жаран кармалды

Баткен облусунда лицензия албастан, облустун аймагында массалык лотерея уюштурган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Лотереялар жөнүндө” мыйзамдын талаптарын бузуп, лицензия албастан, облустун аймагында массалык лотерея оюндарын уюштурган жарандар аныкталды.

Мыйзамсыз иштин уюштуруучусу, Баткен районунун Самаркандек айылынын 1993-жылы туулган тургуну К.у.К. жана башка тиешеси бар адамдар аныкталды.

Уюштуруучулар лотерея билеттерин (жалпы суммасы 8 миллиондон ашык сомго 2 800 билет сатып) оюндун жүрүшү YouTube аркылуу көрсөтүшүп, төлөмдү онлайн арыздар аркылуу алышкан.

Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

13e22442 fb95 4cb2 94e3 7dd16724f770 Баткенде мыйзамсыз массалык лотерея уюштурган жаран кармалды
5435dab1 bf2b 4ba5 9c83 e744d430b053 Баткенде мыйзамсыз массалык лотерея уюштурган жаран кармалды
c85622d6 5598 4b41 a3d0 4256b7e5bb22 Баткенде мыйзамсыз массалык лотерея уюштурган жаран кармалды