1-июлда «Ала-Тоо» аянтында «Чек талап кылып – байге утуп ал!» лотереясы өтөт

1-июлда «Ала-Тоо» аянтында «Чек талап кылып – байге утуп ал!» лотереясы өтөт. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Анда 10 электромобиль жана чет өлкөгө 3 жолдомо ойнотулат. Иш-чарага байланыштуу саат 18:00дөн 00:00гө чейин Чүй проспектисинин Панфиловдон Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.