10-13-май күндөрү Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүргүзүлөт

10-13-май күндөрү Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүргүзүлөрүн “Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Тагыраагы, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 131-чакырымында коркунуч жараткан таштар атайылап түшүрүлөт.

Күндүз саат 9:00дөн 15:00гө чейин маал-маалы менен чектелип, транспорт бир тилке менен гана өтүп турары айтылды. 30-40тан ашык автоунаа топтолсо таш түшүрүү иштери токтоп, аларды өткөрүүгө уруксат берилмекчи.

Мындай иштердин аталган тилкеде таш кулоо коркунучун, кырсыктын болушун алдын алуу максатында жасалып жатканы кошумчаланды.