Кыргызстандык окуучу эл аралык олимпиадада коло медаль утту

Кыргызстандык окуучу эл аралык олимпиадада коло медаль утту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Ж.Баласагын атындагы Токмок лицейинин 11-классынын окуучусу Решетников Иван 57-Эл аралык Менделеев химия олимпиадасында коло медаль тагынды.

Менделеев химия олимпиадасы 2023-жылдын 30-апрель 7-май күндөрү аралыгында Астана (Казахстан) шаарында өттү. Ага Кыргызстандан алты окуучу катышкан.