Кыргызстандык балбан дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды

Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Куттубек Рысматов (55 кг) 17 жашка чейинки (U17) спортчулар арасындагы дүйнө чемпионатында коло байге тагынды.

Куттубек Рысматов үчүнчү орун үчүн беттеште түркиялык балбан Хилал Чынар менен күрөшүп, аны 11:1 эсебинде утуп алды.

Мелдеш Түркиянын Стамбул шаарында 31-июлда башталган, ал 6-августка чейин уланат.

919252.20c97e78c92e61035afb862688513751 Кыргызстандык балбан дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды