Кытай дрондорду экспорттоого 2 жылдык мөөнөткө тыюу салды

Кытай учкучсуз учуучу аппараттарды жана жарандык багыттагы дрондорду экспорттоого 2 жылдык мөөнөткө тыюу салды. Бул маалыматты Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлиги жарыялады.

Чектөө 1-сентябрдан тарта күчүнө кирет. Жалпылап айтканда абада 30 мүнөттөн ашык иштей алган, объекттерди транспортирлеп жана жерге түшүрө алчу 7 кг ашык дрондор көзөмөлдөнөт. Ошондой эле учкучсуз аппараттардын айрым жабдыктарын, дрондон коргоочу каражаттарды, лазерлерди атайын уруксатсыз ташууга да чектөө болот.

Мындай чара учкучсуз учуучу аппараттардын жогорку технологиялык моделин аскердик багытта колдонуу ыктымалдуулугуна байланыштуу көрүлгөн. Министрлик мындай чектөө кайсы бир өлкөгө же регионго каршы багытталбаганын белгиледи