Кашкар шаарында «Кыргыз почтасы» ишканасынын өкүлчүлүгү иштеп баштады

Кытайдын Кашкар шаарында «Кыргыз почтасы» ишканасынын өкүлчүлүгү ачылды. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов билдирди.

Анын айтымында, жаңы ачылган өкүлчүлүк эки өлкөнүн почталык инфратүзүмүнүн өнүгүшүнө жана соода-экономикалык байланыштын бекемделишине түрткү берет.

«Кыргыз почтасы» ААКсынын өкүлчүлүгү өз ишин Кашкар шаарындагы Атайын экономикалык аймакта жапйгашкан Кытай почтасынын Эл аралык почталык алмашуунун ордунда жүргүзө баштайт. Бул стратегиялык маанидеги локация эки өлкөнүн почталык операцияларын натыйжалуу жүргүзүүгө жана кардарларды тейлөөгө жагымдуу шарт түзүп берет», — дейт ал.