Акылбек Жапаров Кытайга расмий сапар менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районуна расмий сапар менен барат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн менен болгон жолугушуусунда айтылды.

Жолугушуу 14-августта өтүп, саясий, соода-экономиикалык жана маданий-гуманитардык тармактагы кызматташуу маселелери талкууланган.

Жолугушууда айтылгандай Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районуна расмий сапар менен барса, октябрь айында Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян Кыргызстанга расмий сапар менен келет.

86f55b07 88f5 3f7c a6b2 698ba1f6d38f Акылбек Жапаров Кытайга расмий сапар менен барат