Акылбек Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

Кайрылуу

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Мен сиздерге төмөндөгү себептерден улам кайрылууну туура көрдүм.

Албетте, сындагандар дароо эле четтен чыгат. Мен аларды туура эле түшүнөм. Анткени алар да – биздин жарандар, биздин замандаштар, биздин эл. Сындаганга акыңар бар. Сынга чыдап келгем, дагы да чыдай берем. Анда кеп башынан болсун.

2005-жылы Акаевди кубалап, Бакиевди алып келдик. “Бардык тепкичтерди басып өткөн кадр, жакшы иштеп берет” деп ишендик дагы, президент кылдык. Мен өзүм финансы министри болдум, кийин экономика министри болуп дайындалдым. Ушул убактарда ар кайсы булактардан акча топтоп, “Камбар-Ата-2 ГЭСин куралы”,- деп, Бакиевге сунуш киргиздим. Ошентип, Камбар-Ата-2 ГЭСи башталды. “Быссымылда” деп курулуш иштери башталганда, өзүм барып, «Ваше превосходительство» деп уруксат алып, курулуш боюнча жардыруу кнопкасын өзүм баскамын. Аны да азыркыга чейин мени шылдың кылып, күлүп жүрөсүңөр. Ага деле терикпейм. Мен ошол жылдары аткаруу бийлигине аралаша баштап (ага чейин депутат гана болгом), электр тармагыбыз кризиске батып бара жатканын дароо эле көрдүм. Өзүбүз суу башында туруп, кыштын күнү электр энергияны башка өлкөлөрдөн импорттоп келип жатыппыз. Болгондо дагы, накталай акчага сатып алып жүрүппүз.

Ошол үчүн мен ГЭСтерди токтоосуз куралы деген сунушумду киргизип, Камбар-Ата-2 ГЭСинин 1-агрегаты курулуп калган. Союз чачыраган мезгилден кийинки курулган көзгө басар жалгыз ГЭС ушул болду. 

2020-жылга чейин мындан башка бир дагы ГЭС курулган жок. Ал эми бүгүнкү күндө  мамлекеттин, элдин электр энергияны колдонуу талабы эки эсеге өстү.

А биз болсо дагы деле СССР куруп берип кеткен ГЭСтер менен олтурабыз. Электроэнергияны импорт алып келип жатабыз.

Кудай жалгап, 2020-жылы азыркы Президентибиз Садыр Жапаров бийлик башына келип калып, ал киши да ушул проблеманы дароо сезди. Өкмөттүн биринчи жыйынында тез арада ГЭСтерди куруп башташыбыз керек, анан темир жолдун курулушун жандандыралы деген эки негизги тапшырманы койду. Мына, азыр элүүгө жакын чакан жана орто ГЭСти, кылым курулушу аталган Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп жатабыз.

Ушул жылдын аягына чейин ишке киргизиле турган ГЭСтердин тизмеси:

Бала-Саруу ГЭСи (25 МВт);

Лейлек ГЭСи (6 МВт);

Ысык-Ата ГЭСи (9,6 МВт);

Исфайрам -1 ГЭСи (4 МВт);

Ала-Баш-1  ГЭСи (4,5 МВт);

Аксы ГЭСи (2,6 МВт);

Айгыр-Жал ГЭСи (2,4 МВт);

Ленинполь ГЭСи (2,3 МВт);

Көгарт ГЭСи (6,7 МВт);

Кыштут ГЭСи (1 МВт);

Тосту ГЭСи (1 МВт);

Белес ГЭСи (0,54 МВт);

Курак-Тектир (1,2 МВт);

Кожо-Кайыр (0,3 МВт);

Кайнама -1 ГЭСи (9,6 МВт);

“СиЭнЭй Энерджи” ЖЧКсы (2 МВт).

2024-жылдын аягына чейин ишке кире турган ГЭСтер:

Буйга ГЭСи (6 МВт);

Ысык-Ата-2  (2 МВт);

Ак-Терек  (4 МВт);

Алай гидро (9 МВт).

Саркент ГЭС (2 МВт)

Турген ГЭС (15 МВт)

Боз-Учук (0,7 МВт)

Жергез (6,2 МВт)

Кара-Жыгач (1 МВт)

Сары-Таш (1 МВт)

Аманат (0,5 МВт)

Адын-Ункур (0,85 МВт)

2026-жылы ишке бериле турган ГЭСтер:

Папан ГЭСи (20МВт);

Орто-Токой ГЭСи (21 МВт);

Кара-Көл ГЭСи (18 МВт);

Лебединовка ГЭСинин реконструкциясы (3,4 МВт).

Куланак ГЭСинин курулушу.

Белгиленген кубаттуулугу – 100 МВт, курулуштун аяктоо мөөнөтү – 2025 -ж.

Ушул жылдын аягына чейин курулушу баштала турган

күндөн энергия алынуучу станциялар:

“Астра” ЖЧКсы (күн энергиясы, 100 кВт). Курулуш аяктоо мөөнөтү –2023-жылдын сентябры;

«Күн-Булагы» ЖЧКсы (күн энергиясы, 350 МВт). Курулуш башталчу мөөнөтү – 2023-ж.;

Аякталышы – 2028 -ж. (алгачкы 10 МВт 2023-жылы);

КГТУ (күн энергиясы, 80 кВт). Курулуш аяктоо мөөнөтү – 2023-жыл, октябрь;

Hongkong Green Light International (күн энергиясы, 100 кВт) Курулуш башталчу мөөнөтү – 2023-жыл, декабрь. (Нур-Кубат программа алкагында)

2024-жылдын аягына чейин ишке бериле турган

күндөн жана шамалдан энергия алынуучу станциялар:

«Чакан ГЭС» ААК (күн энергиясы, 100 кВт). Ишке киргизилчү мөөнөтү – 2024 -ж.;

(алгачкы 10 МВт 2023-жылы) (Кун жана шамал ассоциациясы);

Ишке киргизилчү мөөнөтү –2024-ж. (алгачкы 100 МВт);

«Эко Энерджи» ЖЧКсы (күн энергиясы, 150 МВт). Ишке киргизилчү мөөнөтү – 2024 -ж.;

«Бишкек Солар» ЖЧКсы (күн энергиясы, 300 МВт). Ишке киргизилчү мөөнөтү – 2024 -ж., аякталышы – 2025 -ж.

«Метрум ТЭК» ЖЧКсы (шамал энергиясы, 200 МВт). Ишке киргизилчү мөөнөтү – 2024 -ж.

“Goldwind Science and Technology Co.” (3 ГВт чейин, шамал);

Новавинд «Росатом» (шамал энергиясы, 600 МВт);

Ишке киргизилчү мөөнөтү – 2024-ж. (алгачкы 100 МВт);

Сhina power engineering consulting group international engineering co. ltd. (күн энергиясы, 350 МВт) Ишке киргизилчү мөөнөтү – 2024 -ж. аякталышы – 2025 -ж. (совместно с компанией Бай Таш Групп).

2025-жылдын аягына чейин ишке бериле турган

күндөн энергия алынуучу станциялар:

“Солар энерджи” ЖЧКсы (күн энергиясы, 300 МВт). Ишке киргизилчү мөөнөтү – 2025 -ж.;

“Кыргыз Пауэр” ЖЧКсы (күн энергиясы, 300 МВт). Ишке киргизилчү мөөнөтү – 2025 -ж.;

“China Power” (концорциум күн энергиясы, 1000 МВт). Ишке киргизилчү мөөнөтү – 2025-ж. (алгачкы 500 МВт);

«Доминант энергия» ЖЧКсы (күн энергиясы, 200 МВт). Ишке киргизилчү мөөнөтү – 2025-ж.

2026-жылы ишке бериле турган күндөн энергия алынуучу станциялар:

“Molin Energy Company Limited” (күн, 1500МВт)

Ишке киргизилчү мөөнөтү – 2024 -ж. Аякталышы – 2027 -ж.

Токтогул ГЭСинин реконструкциясы.

Белгиленген кубаттуулугу -1260 МВт, аяктоо мөөнөтү – 2025 -ж. (+ 240 МВт).

Үч-Коргон ГЭСи.

Белгиленген кубаттуулугу – 180 МВт, аякталышы – 2027 -ж. (+ 36 МВт). 

Камбар-Ата-1 ГЭСи.

Курулуш мөөнөтү – 8 жыл (2021-жылы курулуп баштаган. 2029-жылы бүтүш керек).

Жалпы кубаттуулугу – 1860 МВт.

Камбара-Ата-2 ГЭСи.

(2-гидроагрегаттын ишке киргизилиши).

Курулуш мөөнөтү – 3 жыл (2023 – 2026-жылдар аралыгы).

Жалпы кубаттуулугу – 150 МВт.

Казарман ГЭСтеринин каскады:

1. Ала-Бугу ГЭСи – 2027-жыл, 600 МВт;

2. Кара-Булуң-1 ГЭСи – 2027-жыл, 149 МВт;

3. Кара-Булуң-2 ГЭСи – 2026-жыл, 163 МВт;

4. Тогуз-Торо ГЭСи – 2028-жыл, 248 МВт.

Бардык курулуш 2028-жылы аяктайт деп пландалууда.

Сары-Жаз ГЭСтеринин каскады:

1. Куйлук ГЭСи – 2028-жыл, 170 МВт;

2. Эңилчек ГЭСи – 2027 -жыл, 60 МВт;

3. Кайыңды-Эңилчек ГЭСи – 2026 -жыл, 20 МВт;

4. Ак-Шыйрак ГЭСи – 2031 -жыл, 350 МВт;

5. Көк-Шаал ГЭСи – 2030-жыл 250 МВт;

6. Куюкап ГЭСи – 2029 -жыл, 250 МВт.

Бардык курулуш 2031-жылы аяктайт деп пландалууда.

Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтеринин каскады:

1. Каракол ГЭСи – 2027 -жыл, 33 МВт;

2. Көкөмерен-1 ГЭСи – 2029 -жыл, 360 МВт;

3. Көкөмерен-2 ГЭСи – 2031 -жыл, 912 МВт.

Бардык курулуш 2031-жылы аяктайт деп пландалууда

Чаткал ГЭСинин каскады:

1. Баркраус ГЭСи – 2028 -жыл, 250 МВт;

2. Төмөнкү-Чаткал ГЭСи – 2030 -жыл, 700 МВт.

Бардык курулуш 2030-жылы аяктайт деп пландалууда

Мына ушул ГЭСтердин бүтүшүнө, өзүңүздөр көрүп тургандай, бир канча убакыт керек. Качан бул ГЭСтер курулуп бүтүп, ишке киргенде гана бизде электр энергиясы таңкыс болбойт. Импорт албайбыз. Тескерисинче, электр энергияны экспорт кылган өлкөгө айланабыз. Эгер ушул ГЭСтердин баары мурда эле курулуп калганда, азыр кыйналбайт элек.

Эми эң негизги маселеге токтолоюн.

“Кыштын күнү электр энергияны үнөмдөп колдонгула”,- деп Энергетика министрлиги элге кайрылып жатат. Айрым жарандарыбыз болсо андан саясат жасагылары келишүүдө. “Мына өлдүк, кыштын күнү тоңобуз, бул бийлик свет менен камсыз кыла албай калды” деген сыяктуу сындарды айта башташты. Ооба, чындыгында, быйыл кыштын күнү электр энергиясы дефицит болот. Анткени суу жылдагыдан аз болду. Суу аз болгон цикл жүрүп жатат. Кудай буюруп, жогорудагы ГЭСтерибиз бүтөрү менен, электр энергиясынын маселеси чечилет.

30 жыл чыдап келген жаныбыз дагы 3 жыл чыдап коёлу.

Электр энергияны үнөмдөп колдонолу. Керек болсо, кыштын күнү көчөлөрдөгү жарыктарды өчүрөлү. Мунун баарына бүгүнкү бийлик күнөөлүү эмес да. Мурдагы бийликтегилер эн жок дегенде жылына бирден ГЭС куруп турса, 30 жылда 30 ГЭС туруп калмак.

Эгер электр энергиясынын маселеси жол салуу, мектеп куруу сыяктуу көйгөй болгондо, азыр мектептерди, жолдорду салып жаткандай кылып эле бир жылда чечип коёт элек.

ГЭСтерди курууга убакыт, кылдаттык, татаал долбоорлор талап кылынат экен. Башка өлкөлөрдөн, мисалы, Россиядан, Түркмөнстандан азыр кошуналар аркылуу импорт алуудабыз. Бирок кыштын күнү Казакстан менен Өзбекстандын бизге электр энергиясын транзит кылып өткөрүп бергенге аба чубалгылары чыдабайт экен. Өздөрүнөн ашпайт. Ошондуктан урматтуу мекендештер, бизди, азыркы Өкмөттү туура түшүнүп, азыртадан электр энергиясын үнөмдөөгө өтөсүздөр деп ишенем.

Дагы бир ачуу чындыкты айта кетейин. 2020-жылга чейин кошуна өлкөлөрдөн кыштын күнү электр энергияны накталай акчага сатып алып жүрүптүрбүз. Ал эми жайдын күнү кошуна өлкөлөргө сугатка суу агызганыбызда (эл аралык нормаларда суу башында турган өлкөлөр суудан ылдый турган өлкөлөргө суу берүүгө милдеттүүбүз), шлюзду көтөрүп, бош эле агызып берип жүрүптүрбүз.

Садыр Нургожоевичтин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кошуна өлкөлөрдөн кыштын күнү электр энергия алып, ал электр энергияны жайдын күнү кайтарып жатабыз. Сууну жөн эле курулай ачпай, генератор аркылуу агызып, андан чыккан электр энергиясы менен кыштын күнү биз алган электр энергияны жаап коюп жатабыз. Мындай жүрүш менен, мындай сүйлөшүүлөр менен мамлекеттин канчалаган акчасын сактап, 2020-жылдан баштап ушундай шарт менен иштеп келе жатабыз. Өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болуп турса эле, баары жакшы болот. Азыр Кыргызстанда стабилдүүлүктү бузгусу келген үчүнчү күчтөр да жок эмес.

Биз, бийлик башындагылар, жөн эле жаткан жокпуз. Күнү-түнү дебей, кара жаныбызды карч уруп, жогорудагы ГЭСтердин курулушун чечип, көзөмөлдөп жүрөбүз. Кудай күч-кубат берсе, баары жакшы болот. Сабырдуулук гана керек. Баарыбыз кышка даярданалы!”.