Акылбек Жапаров Аксы районундагы мектептин ачылышына катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Аксы районундагы Асанбек Кулубаев атындагы №64 Дардак-Дөбө орто мектебинин ачылышына катышты.

Куттуктоо сөзүндө Акылбек Жапаров өлкө Президентинин атынан чогулгандарды окуу жылынын башталышы менен куттуктап, жаңы мектептин курулушу райондо гана эмес, жалпы областта билим сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзөөрүнө ишенгенин билдирди.

Маалым болгондой, 2023-жылы билим берүү тармагына 60,9 миллиард сом каралып, анын ичинен жалпы билим берүү мекемелерин курууга 7,7 миллиард сом каралган.

Кошумчалай кетсек, быйыл жакынкы жылдарга пландалган 204 мектептин 100ү пайдаланууга берилет.

100 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп имараты 2022-жылдын август айында курулуп бүткөн. Мектеп 4 блоктон турат. Жалпы сметалык баасы 93 миллион сомду түздү. Анын курулушуна республикалык бюджеттен 81 миллион сом бөлүнгөн. Учурда курулуш толугу менен аяктап, окуу бөлмөлөрү керектүү эмеректер менен жабдылган.