Министрлер Кабинети алты айга өлкөдөн көмүрдү автомобиль менен ташып чыгууга тыюу салды

Тийштүү Токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Ушундай эле мораторий былтыр жылытуу мезгилинин алдында киргизилген. Кыргыз-кытай чек арасы аркылуу, башка учурларда темир жол аркылуу гана экспорттоо үчүн өзгөчө абал киргизилет.
«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы каалаган өлкөгө экспорттоого өзгөчө укукка ээ. Бир жыл мурун Энергетика министрлиги мындай чечим контрабанданы азайтуу жана көмүрдүн экспортун ишенимдүү эсепке алуу үчүн сунушталганын билдирген.