Акыйкатчы институтунун кызматкерлери УКМКнын абагына мониторинг жүргүзүштү

8-сентябрда Институттун кызматкерлери УКМКнын абагында кармалгандардын кармоо шарттарына мониторинг жүргүзүштү.

Камералар текшерилип, кармалып тургандар менен сүйлөшкөн кезде төмөнкүдөй кемчиликтер аныкталды.

60 орунга деп чектелген тергөө изоляторунда 76 адам кармалып турат. КРнын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы (№ 655-р) буйругунда каралган маалымат такталары менен жашыруун кутулар жок.

Мониторинг маалында фельдшер эмгек өргүүсүндө жүргөндүктөн жок экени аныкталды.

Тергөө изоляторунун жетекчилигине анын ордуна башка бирөөнү алмаштырып туруу маселесин карап чыгуу сунушталды.

 А. Тиленбаев, Н. Камчибеков жана А. Мадумаровдор кармалган тергөө камерасындагылардан кармоо шарттары боюнча арыз түшкөн жок.

А. Тиленбаев ден соолугунун абалына байланыштуу арызданды. Анын кан басым жогору экен.

А. Мадумаров Акыйкатчынын кызматкерлерине ден соолугу боюнча даттанды. Анын экинчи типтеги кант диабети оорусу бар экени, электрокардиостимулятор коюлганы белгилүү болду.

Ошондой эле текшерүү маалында камакта кармалган аялдар менен пикир алышуу болду, алар кармоо шарттарына эч кандай даттануу айтышкан жок.

Аны менен катар, камакта кармалган Д. Кутманова жүрөктүн кемтиги оорусу бар экенин айтып, жүрөктүн клапанын тез арада алмаштыруу зарылдыгын белгилеп, анын маселесин кароону тездетүүнү өтүндү.

Баардык кармалгандар өз маалында жана белгиленген убакытта күн сайын сыртка эс алууга чыгарылат.

Акыйкатчы институту абактын жетекчилигин кармалгандардын укуктарын сактоону камсыз кылууга чакырды.