Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн “Жыргалаң” санаторийине барды

“Жыргалаң” санаторийи 1964-жылы курулган, сөөк-булчуң системасы, нерв жана гинекологиялык оорулар менен ооругандарды дарылоого адистешкен. Негизги дарылоочу фактор болуп суунун температурасы +40…+43 °C болгон минералдык суулар эсептелет.

Көп жылдар бою санаторий Кыргыз Республикасынын Профсоюздар Федерациясынын балансында турган жана жараксыз абалга келген, ал эми 1995-жылы санаторийдин тазалоочу курулмалары эскирип, талаптарга жооп берген эмес. Ошондон бери ал жерде эч кандай реконструкция, модернизация жүргүзүлгөн эмес.

2023-жылы санаторий Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилген жана бул жерде курулуш иштери башталган. Бүгүнкү күндө 37 коттедждин (2 бөлмөлүү) жана 4 үч кабаттуу корпустун курулушу аяктады. Мындан тышкары, санаторийдин аймагында 6 жаңы бассейн (анын ичинен 2 балдар үчүн), ашкана жана административдик корпус курулган.