Кызамык менен ооруган 3 жаштагы наристе чарчап калды

25-июлда Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында 3 жаштагы наристе көз жумган. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Бала оор абалда ооруканага жеткирилген. Ага кызамык деген диагноз коюлган. Алиевдин айтымында, ал дароо реанимация бөлүмүнө түшкөн.

«Анын абалы оор болгондуктан дароо реанимацияга түшкөн. Ооруканада бир суткадан ашык жатты. Дарыгерлер бардык керектүү жардамдарды көрсөтүштү. Башка кошумча оорулары бар экени да аныкталган. Бирок көрсөтүлгөн жардамга карабай бала чарчап калды», – деп билдирди башкы дарыгер