8 адамдын өмүрүн алган жол кырсык: жаракат алгандардын жана каза болгондордун өздүгү такталды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынан жаракат алгандардын жана каза болгондордун өздүгү такталды. Алар Нарын жана Ысык-Көл облусунун тургундары болушкан. 

Балыкчы шаардык ооруканасы кырсыктын кесепетинен 8 адам каза тапканын билдирди.

Алар:

– 1957-жылы туулган М. Д. — Балыкчы шаарынын тургуну;

– 1959-жылы туулган О. Р. — Балыкчы шаарынын тургуну;

– 1959-жылы туулган С. Э. — Балыкчы шаарынын тургуну;

– 1989-жылы туулган Э. уулу М. — Нарындагы Жер-Көчкү айылынын тургуну;

– 2021-жылы туулган Н. У. — Нарындагы Жер-Көчкү айылынын тургуну;

– 2023-жылы туулган М. уулу Б. — Нарындагы Жер-Көчкү айылынын тургуну;

– 1978-жылы туулган Р. Р. М. — Көк-Мойнок айылынын тургуну;

– 1964-жылы туулган Н. Д. К. — Көк-Мойнок айылынын тургуну.

Саламаттыкты сактоо министрлиги сегиз киши мүрт кетип, үчөөнүн абалы оор экенин маалымдады. Жараат алгандардан үчөө Балыкчы шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө, калган үчөө травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар: 

– 1964-жылы туулган А. А. С. — Нарын облусунун тургуну;

– 1983-жылы туулган Ж. Ч. У. — Нарын облусунун тургуну;

– 1992-жылы Ж. кызы Ф. — Нарын облусунун тургуну;

– 1997-жылы туулган Э. уулу Н. — Нарын облусунун тургуну;

– 2003-жылы туулган М. М. Р. — Көк-Мойнок айылынын тургуну;

– 1985-жылы туулган Т. Э. Д. — Тоң районунун тургуну.

Белгилей кетсек, 13-августка караган түнү Тоң районунда БМВ менен Aуди унаалары бетме-бет сүзүшкөн. БМВ унаасы жогорку ылдамдыкта бара жатып, каршы тилкеге чыккан. Анын кесепетинен бул унаанын айдоочусу ошол жерде каза болгон. Кырсыктын кесепетинен жалпы 8 адам көз жумган. Арасында 1,5 жаштагы жана 5 айлык наристелер болгон. Мындан тышкары 6 адам жабыркап, Балыкчыдагы ооруканага жеткирилген.

ЖКККББнын басма сөз кызматы бул жол кырсыгы боюнча тергөө тобу иштеп жатканын билдиришти.