Кытай Кыргызстанга алмуруттун, лайм, лимондун экспортун көбөйтүүгө кызыкдар

Кытай Кыргызстанга лайм, лимон жана алмуруттун экспортун көбөйтүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатыкты өрчүтүү, ишкердик кызматташууну арттыруу иштеринин алкагында кытайлык ишкерлерге Кыргызстанга жаңы лайм, лимон жана алмурутту экспорттоого көмөктөшүү боюнча жыйын өткөн.

«Тараптар бул мөмө-жемиштерди экспорттоо жана импорттоо жаатында кызматташуунун негизги аспектилерин талкуулап, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы сооданы көбөйтүү боюнча иш-чаралардын иштеп чыгууну макулдашышты», — деп билдирет министрлик.