Ноокатта өз жанын кыйып, кат таштаган баланын өлүмүнө шектүү камакта калтырылды

Ноокатта өз жанын кыйып, кат таштаган 8-класстын окуучусунун өлүмү боюнча кармалган шектүү 26-августка чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Ош облусунун Ноокат районунда 8-класстын окуучусу өз жанын кыйган Факты 25-июлда катталган. Ош ОИИБден аталган факты боюнча «өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгонун, кылмышка шектүү катары 35 жаштагы айылдашы кармалганын билдиришкен.

Жергиликтүү маалымат каражаттары маркумдун өлүм алдында кат таштап кеткенин, анда ал сабалганын жазганын билдиришкен.