Ноокатта 3 килограммга жакын баңгизат алып жүргөн жарандарды кармашты

Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине баңгизатын мыйзамсыз колдонуп, сатып жүргөн жарандар тууралуу маалымат келип түшкөн.

“Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесин негизинде козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 26 жаштагы Ж.уулу Д. Ош шаарында кармалган”, – деп айтылат маалыматта.


Ыкчам тергөө амалдарынын жүрүшүндө баңгизаттарды сатуу каналдары жана аларды сактоочу жайлар аныкталып, кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун тургундары 40 жаштагы И.Н., 39 жаштагы Б.Т., 43 жаштагы Т.М., жана 26 жаштагы О уулу А., кармалган. Алардын үйлөрүн жана автоунааларын тинтүү учурунда 2 кг. 869 гр. өзгөчө жыты бар зат табылып алынган. Аталган заттарга карата соттук химиялык экспертиза дайындалып, экспертизанын корутундусуна ылайык алынган заттар гашиш экендиги аныкталган. Кармалган шектүүлөр Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

28d448fe d78d 4cfb 97f6 7d25660104e6 Ноокатта 3 килограммга жакын баңгизат алып жүргөн жарандарды кармашты
e0ae8573 42da 4f52 a34c 9d2d9af52c41 Ноокатта 3 килограммга жакын баңгизат алып жүргөн жарандарды кармашты
a0313dfd c3bc 4b28 be1a 11b6340f3336 Ноокатта 3 килограммга жакын баңгизат алып жүргөн жарандарды кармашты
66592d98 879b 4f32 bfe7 f4023a00ecbd Ноокатта 3 килограммга жакын баңгизат алып жүргөн жарандарды кармашты
967c5ff1 e1f6 42db 8354 c114b4f1806e 1 Ноокатта 3 килограммга жакын баңгизат алып жүргөн жарандарды кармашты