47 бинардык опциондор жабылды

Учурда 47 бинардык опциондор жабылды. Мыйзамсыз опциондорго байланыштуу бардык оюн-зоок жайлар текшерилет, – деп билдиришти ИИМден.

Маалыматка караганда, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында 47 бинардык опциондор текшерилип жабылды. Алардын имараттарындагы жазуулар алынып салынды. Алар бинардык опцияларды соодалоого жамынып, узак убакыт бою мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп келген.


Учурда ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, тишелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Бишкек шаарында И.Ахунбаев, Дэн Сяопин, Б.Бейшеналиева, Чүй, Ю. Фучик, Ж.Абдрахманов, Байтик Баатыр, А.Сүйөркулов, Жибек жолу, Чүй облусунда Сокулук, Ысык-Ата райондорунда, Жалал-Абад шаарынын Н.Айтматова, Сузак районунда Дакан жана Юнусов көчөлөрүндө, Ош шаарында Курманжан датка, Ленин, А. Масалив, Г.Айтиев жана Ош облусунун Кара-Суу районунда бардыгы болуп 47 бинардык опциондор жабылып, бардык жазуулар, жарнамалык тактайчалар алынды. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында тинтүү иштери жүргүзүлүп, аталган мекемелердин кызматкерлери жана ойногондор суракка алынып, аталган опциондорго тиешелүү компьютердик техникалар алынды.


Азыркы учурда республикабыздын бардык аймагында ушул багыттагы мекемелер катуу текшерүүгө алынууда. Алардын мыйзамсыз ишмердиги аныктала турган болсо жабылып, кылмыш жоопкерчилиги каралат. Ал эми аныкталган фактылар боюнча ыкчам тергөө амалдары уланууда.
Учурда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына мыйзамсыз иштеп жаткан бинардык опциондор боюнча маалыматтар келип түшүүдө жана алардын бардыгы мыйзам чегинде текшерилип, юридикалык баа берилип, жоопкерчиликтери карала тургандыгын билдиребиз. Эгерде жарандардын бинардык опциондордун мыйзамсыз жашыруун иштеп жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар болсо, ИИМдин Басма сөз кызматына кайрылыңыздар. Алынган ар бир маалыматтар боюнча тиешелүү ыкчам кызматтар иштешип, мыйзам чегинде чаралар көрүлө тургандыгын билдиребиз.

6 1 47 бинардык опциондор жабылды
7 47 бинардык опциондор жабылды
3 47 бинардык опциондор жабылды