«Барселона» футбол клубунун оюнчуларын 3 күн бирге коштоп жүрүү 5 миң долларды түзөт

30-августта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо (мурдагы «Спартак») Barça Legends жана «Азия легендалары» командаларынын ортосунда оюн өтөт.

Кыргызстанга келчү испаниялык «Барселона» футбол клубунун легендарлуу оюнчуларын 3 күн бирге коштоп жүрүү 5 миң долларды түзөт. Бул тууралуу маалымат «Ticketon» сайтына жарыяланды.

Биринчи команданын курамында өз оюну менен бүткүл дүйнөнү суктандырган «Барсанын» легендарлуу жылдыздары болсо, экинчисине улуттук курама командабыздын экс-футболчулары гана эмес, Азия өлкөлөрүнүн футбол жылдыздары да чыгат.

Келиши күтүлүп жаткан футболчулардын арасында «Барселона» клубунун мурдагы оюнчусу Роналдиньо, испаниялык легендарлуу футболчулардын бири, коргоочу Пуйоль жана белгилүү дарбазачы Савиола да бар.

«Барселонанын» мурдагы жылдыз оюнчулары достук беттеш өткөрүп, ага Азиянын белгилүү оюнчулары катышат. Ал эми бул иш-чара менен кошо КМШ аймагындагы «Барселона» футбол клубунун алгачкы академиясы да ачылмакчы.

izobrazhenie 2023 08 14 150557204 «Барселона» футбол клубунун оюнчуларын 3 күн бирге коштоп жүрүү 5 миң долларды түзөт
367394669 2474044866107457 8947006526036657404 n 1 «Барселона» футбол клубунун оюнчуларын 3 күн бирге коштоп жүрүү 5 миң долларды түзөт