БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына 11 талапкерди каттады

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 11 талапкерди каттады.

Жарышка Аскар Алмаз уулу, Токтогул Какчекеев, Эртай Искаков, Турсунбай Бакир уулу, Сулайман Мамаев, Жамалбек Ырсалиев, Ыргал Кадыралиева, Нургүл Сооронбаева, Русланбек Тагаев, Бакыт Шаршембиев, Мурат Эсенаманов катыша алат.

Калган 15 адамдын документтери текшерилүүдө.

10-сентябрда бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда парламенттин депутатын кайра шайлоо өтөт. Каттоо 21-августка чейин созулат.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы 28-майда Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын Дамира Ниязалиевага берилген добуштар жокко чыгарылгандыктан, жараксыз деп тапкан.