БШК Өмүрбек Бакировду мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 26-августта жыйынга чогулуп, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратуу тууралуу соттун чечимдерин карады.

Анда мекеменин Бакировду депутат кылып каттаган чечимин жана депутаттык күбөлүгүн жокко чыгаруу тууралуу токтомдун долбоорун жыйынга катышкан БШКнын 12 мүчөсү тең бир добуштан колдоду.

Бакировдун өкүлү Бакытбек Мажитов сот жараяндарында депутаттык мандаттан ажыратууга негиз болгон жагдайлар аныкталбаганын билдирди.

“Мыйзамдарда депутаттык макамдан ажыратууга негиз болгон 11 берене бар. Ошол негиздер соттордо аныкталган жок. Мындан 20 ай мурун өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу – бул элдин үнүн, 10788 шайлоочунун тандоосун жокко чыгарууга барабар. Бул уникалдуу соттук тажрыйба болуп жатат. Биз жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деп кайра эле сотко кайрылганбыз, азырынча аны кабыл алуу же албоо маселеси чечиле элек”,- деди Мажитов.

Жогорку Сот 18-августта Өмүрбек Бакиров шайланып келген №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырган

Андан бир айда мурда Бишкек шаардык соту Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө Бишкектин административдик сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Бишкектин административдик соту чечимди 7-июнда чыгарган.

Соттордо БШКнын бул округда шайлоо өткөнү тууралуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду депутат катары тааныган чечимдери да жокко чыгарылган.