Орусияда ок жеген кыргыз жаранынын окуясы боюнча жаңы жагдайлар ачыкка чыкты

Орусиянын Хабаровск шаарында полициянын огунан оор жараат алган кыргызстандык жаран тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

Маалым болгондой, 24-августта автовокзалда рейд учурунда 2003-жылы туулган кыргыз жараны качууга аракет кылган жана укук коргоо органынын кызматкерин сүзүп алган.

«С.Р. аттуу кыргызстандык жарандын мыйзамсыз иш-аракетин токтотуу үчүн ага курал колдонулган. Натыйжада ал жаранга ок тийген. Учурда С.Р. оор абалда ооруканада жатат», — деп жазылат маалыматта.

Бул окуяга байланыштуу Орусиянын Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 317-беренеси (укук коргоо органдарынын кызматкеринин өмүрүнө коркунуч жаратуу) менен кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.

Кыргызстандын Хабаровск шаарындагы ардактуу консулу керектүү консулдук-укуктук жардам берүү үчүн анын туугандары менен байланышкан кошумчаланды.