Кайра шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо өнөктүгү башталды

Бүгүн, 21-августта саат 08:00до Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңешке кайра шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо өнөктүгү башталды.

БШКга шайлоого катышууну каалаган 34 жарандан арыз түшкөн. Алардын арасынан 25 киши депутаттыкка талапкер катары катталды. Үгүт өнөктүгү 9-сентябрда саат 08:00до аяктайт.

Ленин району боюнча депутаттыкка талапкерлер:

  1. Аскар Алмаз уулу
  2. Токтогул Какчекеев
  3. Эртай Искаков
  4. Турсунбай Бакир уулу
  5. Сулайман Мамаев
  6. Жамалбек Ырсалиев
  7. Ыргал Кадыралиева
  8. Нургүл Сооронбаева
  9. Русланбек Тагаев
  10. Бакыт Шаршембиев
  11. Мурат Эсенаманов
  12. Илимбек Аттокур уулу
  13. Таалайбек Кермалиев
  14. Карачач Исмаилова
  15. Токтокүчүк Мамытов
  16. Руслан Ажыбеков
  17. Жээнбек Искендеров
  18. Абдивали Балтабаев
  19. Айбек Субанов
  20. Бактыбек Рысалиев
  21. Лейла Саралаева
  22. Эркин Бөлөкбаев
  23. Нургүл Аднаева
  24. Кубанычбек Самаков
  25. Чыңгыз Капаров

Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт. Аны өткөрүүгө бюджеттен 13 млн 208,8 миң сом кетет.

Быйыл 28-майда Бишкектин Ленин райондук шайлоо аймагы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өткөн. Бул шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан кийин өткөрүлгөн. 27-мартта Абиров мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын кабыл алып, аны мандатынан ажыраткан. 

28-майда өткөн шайлоодо Дамира Ниязалиева эң көп добуш алган. Бирок ал добуш сатып алууга шектелип, анын талапкер катары каттоосу жокко чыгарылган. Ошондой эле, аталган шайлоодо экинчи орунду алган талапкер Улан Сариев да добуш сатып алууга шектелип жатканы кабарланган. Добуш сатып алуу фактылары боюнча кылмыш иштери козголгон.

БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарылып, Ленин районунда кайра шайлоо өтө турган болгон.

Жокко чыгарылган шайлоону өткөрүүгө бюджеттен 18,5 млн сом жумшалган.