Парапландан кулаган орус жаранына куткаруучулар жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-август күнү кечинде саат 23:55 чамасында К.П. аттуу 48 жаштагы жаран параплан менен учуп, Аламүдүн районунун Арашан капчыгайында кулаганы тууралуу маалымат «112» кызматына түшкөн.
Жерине издеп-куткаруу иштерине ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын офицери Улан Абдраимовдун жетекчилиги менен Аламүдүн райондук ӨКБдан 4 куткаруучу чыккан.
Бүгүн Россиянын жабыркаган жаранын тоодон алып түшүп, «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
![image 10 7 Чүйдө орусиялык жаран парапландан кулады](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/08/image-10-7-1200x713.jpg)