Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар ачкачылык жарыялайт

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчы, активисттер кайра ачкачылык жарыялайт. Бул тууралуу 21-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы отурумда белгилүү болду.

Алар тергөөнүн материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканына нааразы болушту.

Кошумчалай кетсек, Кемпир-Абад иши боюнча соттук териштирүү 22-июнда башталган. Тергөөнүн материалдары жалпы 52 томдон турат.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер өткөн жылдын октябрь айында камалган.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.