Нурлан Асанбеков ачкачылык жарыялады

Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярданууга шектелип саясатчы жана активисттер менен бирге камакка алынган Нурлан Асанбеков ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу жарандык активист Айсулуу Кудайбердиева билдирди.

Анын айтымында, Нурлан Асанбеков кармоолор болгон учурда Равшан Жээнбековдун үйүндө оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан.

«Ал, мыйзамсыз жана адилетсиз камоого каршылыгын билдирип, 1-ноябрда ачкачылык жарыялап, 10 килограммга арыктады. Ачкачылык учурунда ал суу жана тамак ичпей жатат. Ал Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитетке эч кандай тиешеси жок болчу. Болгону Равшан Жээнбековдун үйүндө оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан», – деди ал.

Кудайбердиева белгилегендей, Асанбеков 10 жаштагы кызын жалгыз багып, тарбиялап келет. Ошондой эле, майыптыгы бар 5 жашар кызына материалдык жардам көрсөтүп турат. Андан тышкары, оорукчан апасы бар жана анын дарылануусу Асанбековдун мойнунда болгон. Сотко тиешелүү маалымкаттар берилгени менен Асанбеков эки айга камакка алынган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу) менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.