Кара-Суу айыл башчысынын орун басары жана Сары-Булак айыл аймагынын башчысы пара менен кармалды

Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагынын башчысы жана Кара-Суу айыл аймагынын башчысынын орун басары УКМК кызматкерине ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

efc06080 7f4a 4dae b2e2 f5e3e8e11dc7 Кара-Суу айыл башчысынын орун басары жана Сары-Булак айыл аймагынын башчысы пара менен кармалды

Маалыматка ылайык, 16-августта УКМК кызматкерине кылмыш жоопкерчилигинен качкандыгы үчүн 125 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары берүү учурунда Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагынын башчысы С.М.Т. жана Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын башчысынын орун басары М.К.С. кармалды.

Жогорудагы жарандар Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын аймагынан жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестринин маалыматты каттоо журналына катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган. Ошол эле күнү кармалгандар Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.