Мальдив аралдарында кыргызстандыктар эми визасыз бара алышат

Кыргызстандын министрлер кабинети менен Мальдив Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы визалык талаптардан өз ара бошотуу тууралуу макулдашуу 20-августтан тарта күчүнө кирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Келишим эки өлкөнүн аймагына кирүү, чыгуу, транзиттик жана 30 күнгө чейин убактылуу жүрүү үчүн визалык талаптардан бошотууну карайт.

Эске салсак, КР министрлер кабинети менен Мальдив өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга 2022-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган.