“Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон жоокерлер эскерилди

Бүгүн 16-сентябрда “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон жоокерлер эскерилди. Эскерүү иш-чарасына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган күч түзүмдөрүнүн жана укук тартибин коргоо органдарынын жетекчилери катышты, – деп маалымдайт Азаттык радиосу.

Маркумдарга багышталып куран окулуп, гүлчамбарлар коюлду.

“Ата-Бейит” көрүстөнүнө бир жыл мурда чек ара жаңжалында курман болгон төрт аскердин сөөгү коюлган.

Бул жерде келечекте аларга арналган эстелик орнотулары маалым болду. Эстеликтин бир нече долбоору бүгүн талкууланды.

Кыргыз-тажик чек арасы такталып бүтө элек болгондуктан ортодо куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

2021-жылы апрель айында 36 кыргызстандык курман болгон, тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий жарыяланган.

2022-жылкы сентябрь айындагы кагылышта Кыргызстан бери дегенде 75 жаранынан айрылган, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын билдирген.

Былтыркы 14-сентябрда башталып, 19-сентябрда басылган окуяда, Кыргызстандын Чек ара кызматынын расмий маалыматына караганда, каза тапкан 75 кыргызстандыктын 51и аскер кызматкери, алардын 42си чек арачы болгон.