Качыбек Ташиев: Эгер Тажикстан чек ара дооматынан баш тартпаса, Кыргызстан дагы жаңы документтерге таянып, доо коёт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстан Кыргызстанга карата айрым чек ара дооматтарынан баш тартпаса, Кыргызстан тарыхый документтердин негизинде укуктук жактан коңшу өлкөгө доомат артса болорун билдирди.

15-сентябрда Ташиев Баткенде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кыргыз бийлиги чек ара боюнча жаңы документтерди тапканын, көптөгөн жер коңшу өлкөгө өтүп кеткенин ошол кагаздардын негизинде аныктап бере аларын айтты:

“Коңшубуз Тажикстан биздин мамлекетибизге чек ара боюнча территориялык дооматын коюп келген. Биз андай эч кандай дооматтар болбошу керек деп жооп берип келдик. Биз жакынкы күндөрү жаңы документтерди таптык. Анын негизинде Кыргызстандын көптөгөн жери Тажикстанга өтүп кеткенин биз билебиз, аны юридикалык тарыхый документтер менен тактап бере алабыз. Эгер коңшу мамлекет Кыргызстанга койгон территориялык дооматынан баш тартпай турган болсо, анда биз өзүбүз юридикалык жактан ошол коңшуларга территориялык дооматтарды коебуз”.