Кыргыз-тажик чек ара талашына чекит коюлду

Бул тууралуу журналист Нургазы Анаркулов өз баракчасында билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-тажик чек арасы боюнча талаштын баарына чекит койгон протоколго бүгүн Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов кол коюшту.

“Бул чыныгы тарыхый протокол. Анткени, тажик тарап  отуз жылдан бери койгон дооматтарынан бүт баш тартты жана анын баары протоколго түшүрүлдү. Мындан тажик тарап дагы зыян тарткан жок, себеби, чыныгы, реалдуу чек араларга кайттык. Ошентип, чек ара талашына чекит коюлду. Биздин талаптар аткарылды”, – деп жазды Нургазы Анаркулов.