Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларынын кезектеги жолугушуусу болду

2023-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын Баткен шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын кезектеги Биргелешкен жыйыны болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын делегациясын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Төрагасы Камчыбек Ташиев жетектесе, Тажикстан Республикасын – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча  олуттуу пикир алмашуу болду. Делегациялардын жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелерде өтүшүн андан ары сыпаттоону активдештирүү зарылдыгы тууралуу толук түшүнүшүү менен жумушчу топторго тийиштүү тапшырмаларды беришти. 

Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтору жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топтору мамлекеттик чек аранын калган тилкелериндеги долбоордук линияны сыпаттоо боюнча ишин улантышат.

Жолугушуунун жүрүшүндө чек ара райондорунун ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди бекемдөө, ошондой эле чек ара облустары менен эки мамлекеттин райондорунун ортосундагы кызматташуу боюнча активдүү иштерди улантуу зарылдыгы өзгөчө белгиленди. Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду. 

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү.