АКШ президентинин уулу 25 жылга эркинен ажыратылып, 750 миң доллар айып пул төлөшү мүмкүн

АКШда атайын прокурор Дэвид Вайс президент Жо Байдендин уулу Хантер Байденге мыйзамсыз курал сатып алуу боюнча айып такты. Бул тууралуу CNN телеканалы кабарлады. Хантер Байден 2018-жылы октябрда «тапанчаны жасалма документ менен сатып алган» жана «куралга лицензия алууда баңгизат колдонорун жашырган» деп айыпталууда.

Ошондой эле атайын прокурор президенттин уулунда маңзат колдонуп жүргөндө ок атуучу куралы болгонун билдирүүдө. CNN белгилегендей, кенже Байдендин бул эки аракети тең федералдык кылмыш болуп эсептелет.

The New York Times басылмасынын маалыматына караганда, эгер Хантер Байден бул тагылган айыптар боюнча күнөөлүү деп табылса, 25 жылга эркинен ажыратылып, 750 миң доллар өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилиши мүмкүн.

Президенттин 53 жаштагы уулу мындан тышкары салыкты жашырган деп да айыпталууда. Алгач ал курал сатып алуу иши боюнча айыпты жеңилдетүүнү көздөп, салыкка байланышкан иште күнөөсүн мойнуна алган. Бирок кийинчерээк айыптоолорду кайра четке каккан.